Менин Келинчегим-Баястан/Нурлан Насип

专辑 : Тайманбас
语种 : 其他
时长 : 03:34

DOLBY 杜比全景声 下载

臻品母带 下载

臻品全景声 下载

臻品音质

HIRES Hi-Res 下载

FLAC 无损flac 百度云网盘下载

APE 无损ape 格式下载

320MP3 极高mp3 歌曲下载

128MP3 标准mp3 百度网盘下载

192OGG 较高ogg 下载

192AAC 较高aac 下载

96AAC 标准aac 百度云下载

Loading...

TXT Менин Келинчегим-Баястан/Нурлан Насип 文本歌词

Менин бактым, менин жаным болдун өзүң,
Бейиш болсун эң аягы биз бараткан жолдун.
Баардык жактан жарашабыз, Билем жетет менин көзүм.
Турмуш алып келсе оордук мына сага менин колум.
Колуңдан мен жетелесем, жетелесем эркелесем,
Эркелесем сага дайым, сени дайым эркелетсем.
Көңүлүңдү оорутпаймын, аппак кардай сезимдерим,
жашоомдун бүтүнү болдуң менин сулуу келинчегим.
Үйгө эрте келгим келет,
Жаным сени көргүм келет,
Жумуштан бошоп колуңдан тамак жегим келет.
Сыноолорду өттүк жаным, чын бакытты таптык жаным,
Улутуңа карабаймын сүйөм сени жаным.
Сенин маанайыңды дайым карайм,
Бакыт таалайды да акмалайм.
Сенин таарынтканды жакалайм,
Менин келинчегим деп калкалайм.
Сенин маанайыңды дайым карайм,
Бакыт таалайды да акмалайм.
Сенин таарынтканды жакалайм,
Менин келинчегим деп калкалайм.
Коргойм сактайм сени кымбат баалуу асыл таштай,
Үшүп калсаң болуп берем сага ыссык жайдай.
Сенин сүйүүң жарык берет түндө жарык айдай,
Бирге жүрсөк Ала-Тоонун чокусунан тайбайм.
Бактылуу билеттей болуп утуп алдым сүйүүнү,
Утуп алдым бакытты мен утуп алдым өзүңдү.
Көздөрүң дайым жайнап, эриндерин жылтырап,
Чачтарың жазгы гүл болуп, дайым мени суктантат.
Сен экөөбүз билесиңби толкун менен жээктей,
Сүйлөшөбүз унчукпастан эч кимге билдирбей.
Түшүнөсүң бир карап эч кимге сен билгизбей,
Биздин дүйнөбүзгө эч кимди эми киргизбейм.
Колуңдан мен жетелесем, жетелесем эркелесем,
Эркелесем сага дайым, сени дайым эркелетсем.
Көңүлүңдү оорутпаймын, аппак кардай сезимдерим,
Жашоомдун бүтүнү болдуң менин сулуу келинчегим.
Узатаар замат сагынамын сени,
Бул сапар сага багынамын эми.
Карааныңдан кагыламын мен эми,
Менин келинчегим деп сени.
Узатаар замат сагынамын сени,
Бул сапар сага багынамын эми.
Карааныңдан кагыламын мен эми.
Менин келинчегим деп сени.
Сенин маанайыңды дайым карайм,
Бакыт таалайды да акмалайм.
Сени таарынтканды жакалайм,
Менин келинчегим деп калкалайм.
Сенин маанайыңды дайым карайм,
Бакыт таалайды да акмалайм.
Сенин таарынтканды жакалайм,
Менин келинчегим деп калкалайм.
Колуңдан мен жетелесем, жетелесем эркелесем,
Эркелесем сага дайым, сени дайым эркелетсем.
Көңүлүңдү орутпаймын, аппак кардай сезимдерим,
Жашоомдун бүтүнү болдуң менин сулуу келинчегим.
Колуңдан мен жетелесем, жетелесем эркелесем,
Эркелесем сага дайым, сени дайым эркелетсем.
Көңүлүңдү оорутпаймын, аппак кардай сезимдерим,
Жашоомдун бүтүнү болдуң менин сулуу келинчегим.

Менин Келинчегим-Баястан/Нурлан Насип 推荐歌曲